Улуттук банк "Тайган жарыш" коллекциялык монетасын сатууга чыгарды

Экономика 25 Август 2026 09:40
786470446_2310446379701792_3508538985311696453_n.jpg
786778340_1051761834217232_6827085191917186366_n.jpg
Алдыга
Артка
786470446_2310446379701792_3508538985311696453_n.jpg
786778340_1051761834217232_6827085191917186366_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. 25-августтан тартып "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясындагы "Тайган жарыш" күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, коллекциялык монета VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган. Ал кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды.

"Тайган жарыш" – кыргыз элинин салттуу мелдештеринин бири. Тайгандар жарыша турган бул мелдеш байыртадан бери ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген. Учурда ал өз актуалдуулугун жоготпой, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий программасына киргизилген.

Белгилей кетсек, коллекциялык монета Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутуга жайгаштырылган.

"Тайган жарыш" коллекциялык монетасы Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 8 миң 900 сомдон сатылат. Монетаны иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин сатып алууга болот.