Бишкек, 29.08.25 /Кабар/.
Улуттук банк 1-сентябрдан тарта “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” аталышындагы коллекциялык күмүш тыйынды жүгүртүүгө чыгарат.
Маалыматта белгиленгендей, бул тыйын «Тарыхый окуялар» сериясына кирет жана өлкөнүн заманбап мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн инсандардын эмгегин таануу максатында чыгарылууда.
Коллекциялык тыйын Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 10 540,00 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.