Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтырды. Чечим бүгүн, 28-апрелден тартып күчүнө кирет.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Кыргызстанда учурдагы инфляциялык процесстер тышкы сыяктуу эле, ички факторлордун таасири астында калыптанууда. Мында өлкөдөгү инфляцияга негизги таасир тышкы шарттардан уланууда.
"Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана жогорку глобалдык белгисиздик дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өсүшүн шарттаган. Атап айтканда, акыркы эки айда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунун алкагында дан эгиндерине, өсүмдүк майына жана энергия продукцияларга дүйнөлүк баанын өсүшү байкалууда. Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндөгү инфляция кошумча фактор болуп саналат, бул импорттолуучу товарлардын наркына таасирин тийгизет. Импорттук продукциянын кымбатташы, ошондой эле глобалдык сунуштоо процесстеринин өзгөрүшүнөн улам келип чыккан логистикалык чыгымдар ички бааларга басым жасайт", - деп айтылат маалыматта.
Улуттук банктан маалыматына караганда, 2026-жылдын башталышынан тартып Кыргызстанда инфляция (17-апрелге карата абал боюнча) 3,9 пайызды түздү (жылдык мааниде – 11,3 пайыз). Керектөө бааларынын индексинин жылдык көрсөткүчүнүн түзүмүндө негизги товардык топтор боюнча баалардын ар багыттагы динамикасы байкалууда: азык-түлүк компоненти 10,8 пайызга кымбаттаса, азык-түлүктөн башка товарлардын баасы 9,2 пайызга, тамеки жана алкоголдук продукция 8,9 пайызга жогорулаган, ошол эле учурда "кызмат көрсөтүүлөр" тобунда баалардын өсүш арымы жогору болуп – 17,2 пайызды түзгөн.
Ички суроо-талап эмгек акылардын жана акча которуулардын өсүшүнүн фонунда калктын керектөө активдүүлүгү менен колдоого алынууда. Жалпысынан өлкөдө экономикалык активдүүлүк жогорку деңгээлде сакталууда: 2026-жылдын январь-март айларында өлкөнүн реалдуу ИДӨсү 10,1 пайызга өстү. Экономиканын өсүшүнө мурдагыдай эле кызмат көрсөтүүлөр, өнөр жай жана курулуш негизги салым кошууда.
Улуттук банк өлкөдө баа туруктуулугун камсыз кылууга жана орто мөөнөттүү келечекте инфляция көрсөткүчүн 5-7 пайыздык максаттуу көрсөткүчкө кайтаруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган катуулатылган акча-кредит саясатына таянууну улантууда.
Көрүлүп жаткан акча-кредит саясат чаралары жана бааларды активдүү мамлекеттик жөнгө салуу инфляцияга чектөөчү таасирин тийгизүүнү улантууда. Муну менен бирге улуттук валютанын салыштырмалуу туруктуу курстук динамикасы экономикалык субъекттердин жана калктын инфляциялык күтүүлөрүн ченемдүү чектерде сактоону камсыз кылат.
Улуттук банк инфляциянын тышкы жана ички факторлоруна мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү улантууда. Өлкөдөгү инфляциянын мындан аркы динамикасы көбүнчө тышкы шарттар, айрыкча дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баа конъюнктурасы менен аныкталат, бул контекстте Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын мүнөзү жана узактыгы өзгөчө мааниге ээ болот. Инфляция факторлорунун балансына бүгүнкү күнгө карата берилген баалардын негизинде, инфляциянын басаңдашы үчүн туруктуу шарттарды түзүү максатында акча-кредит саясатынын катаал шарттарын сактоо зарыл. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмү 12 пайыз деңгээлинде сакталды.
Белгиленгендей, эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отурум 2026-жылдын 25-майында өтөт.