Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Экономика Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 12:00
3684167.834a1738b8b.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Улуттук банктын башкармалыгы эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул чечим 28-июлдан тарта күчүнө кирет.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, мындай чечим дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөрдүн, геосаясий кырдаалдын жана инфляциялык тобокелдиктердин таасиринен улам кабыл алынды.

Банк белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу, дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын өзгөрүшү жана мунай жеткирүүдөгү мүмкүн болгон көйгөйлөр Кыргызстандагы импорттук товарлардын баасына таасирин тийгизүүдө.

2026-жылдын башынан бери өлкөдөгү инфляциянын өсүшү 6,5 пайызды түзсө, жылдык эсеп менен 11,3 пайызга жеткен. Баалардын өсүшүнө негизинен азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу материалдар таасир этүүдө. Ошондой эле айрым кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы да жогору бойдон калууда.

Ошол эле учурда өлкөнүн экономикасында ички суроо-талап өсүп, калктын реалдуу кирешелери көбөйүүдө. Курулуш тармагындагы инвестициялык активдүүлүк жогорулап, экономиканын дээрлик бардык тармактарында оң өсүш байкалууда. Ички дүң өнүмдүн өсүшү 11,9 пайыз деңгээлинде катталган.

Улуттук банк инфляциялык басымды азайтуу максатында акча-насыя саясатын катаал шартта жүргүзүп жатат. Мындай чаралар улуттук валютанын сатып алуу жөндөмүн сактоого, калктын топтоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана инфляцияны орто мөөнөттө 5–7 пайыздык максаттуу көрсөткүчкө түшүрүүгө багытталган.

Банк билдиргендей, учурда ички акча жана валюта рынокторунда абал туруктуу. Бирок дүйнөлүк товар рынокторундагы баалардын өзгөрүшү жана геосаясий чыңалуу инфляциянын өсүшүнө таасир эте турган негизги тобокелдиктер бойдон калууда.

Улуттук банк мындан ары да экономикалык кырдаалга баа берип, баалардын туруктуулугуна коркунуч жаралган учурда тиешелүү чараларды өз убагында көрөрүн билдирди.