Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Улуттук банк башкармалыгы 27-октябрда эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды, деп билдирди Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйынында.
Ал мындай чечим өлкөдөгү инфляциянын өсүшүнө алып келген тышкы чөйрөдөгү экономикалык шарттарды эске алуу менен кабыл алынганын белгиледи.
"Эсептик ченди жогорулатуунун негизги себептери төмөнкү факторлор болду. Баарынан мурда, инфляциядан баштайын. Ушул жылдын алгачкы беш айында биздин өлкөдө керектөө бааларынын динамикасы 5,7 пайыз чегинде сакталып турду. Бирок, ушул жылдын май айынан тарта инфляция тездеди жана бул тездетүү негизинен тышкы мүнөзгө ээ, башкача айтканда, тышкы экономикалык шарттардын фонунда калыптанууда. Биз байкагандай, ушул жылда тышкы чөйрөдө тобокелдиктер бир топ күчөдү. Бул АКШнын тарифтик саясатынын өзгөрүшү жана олуттуу түрдө катаалдашы. Ушундай шартта туруксуздук, башкача айтканда, дүйнөлүк чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүшү күчөдү", — деди ал.
Козубеков Кыргызстан керектөөсүндө импорттун үлүшү жогору болгон чакан экономика экенин баса белгиледи.
"Дүйнөлүк товардык-сырьёлук рыноктордогу баалардын динамикасы биздин өлкөдөгү керектөө бааларына олуттуу жана жетиштүү кыска мөөнөттүн ичинде чагылдырылат. Бул өзгөрүүлөрдүн бардыгы импорт бар болгон товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сунуш факторлорунун тез реакция кылышына алып келди. Белгилей кетчү нерсе, мен санап өткөн факторлордун бардыгы монетардык эмес мүнөзгө ээ.
Бирок Улуттук банк акча-кредит саясатынын негизги чендин 10 пайызга чейин көтөрүлүшүн эске алуу менен, орто мөөнөттүү келечекте биздин өлкөдөгү инфляцияга таасирин минималдаштырууга багытталган мындай чараларды колдойт", - деп белгиледи ал.
Төраганын орун басары Улуттук банктын чараларынын аркасында Кыргызстандагы инфляция 2025-жыл ичинде аймактагы соода өнөктөш өлкөлөргө салыштырмалуу салыштырмалуу орточо деңгээлде кала берди деп эсептейт.
"Мисалы, Кыргызстандагы инфляция көрсөткүчү ушул жылдын башынан 17-октябрга карата 6,2 пайызды, ал эми ошол эле датага карата жылдык көрсөткүч 8,4 пайызды түздү. Жыл башынан бери инфляциянын структурасында азык-түлүк баалары 6,9 пайызга жогорулады. Бул жерде мен жай мезгилинде, тилекке каршы, баалардын сезондук төмөндөшүн байкабаганыбызды белгилеп кетким келет. Бул дагы негизинен тышкы экономикалык факторлорго байланыштуу", — деп кошумчалады Козубеков.