Улуттук банк коммерциялык банкка 64,5 миң сом айып салды

Экономика 19 август 2026 14:20
Улуттук банк коммерциялык банкка 64,5 миң сом айып салды

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Улуттук банк тиешелүү талаптарды сактабагандыгы үчүн коммерциялык банкка 64 миң 518 сом өлчөмүндө айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, чечим үстүбүздөгү жылдын 13-июлунан 9-августуна чейинки базалык мезгилдин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

"Айып пул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген милдеттүү камдык талаптарды аткарбагандыгы үчүн салынган", - деп айтылат маалыматта.