Улуттук банк банктар аралык BIR жаңы эталон ченин иштеп чыкты

Экономика Загрузка... 18 Сентябрь 2025 11:24
WhatsApp Image 2025-09-18 at 10.19.00 (1).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Улуттук банк банктар аралык Bishkek Interbank Rate жаңы эталон ченин иштеп чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, бул жаңычылдык Кыргызстандын финансы рыногун мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле өлкөнүн эл аралык рынокторго чыгып жаткан учурунда актуалдуу болуп, өнүгүүгө кошумча көмөк көрсөтөт.

“Кредиттик жана акча каналдарынын чынжырчасында банктар аралык акча рыногу маанилүү ролду ойнойт. Акча рыногун өнүктүрүү Улуттук банкка акча-кредиттик саясатты эффективдүү жүргүзүүгө көмөк берет. Биз рыноктун катышуучуларына рыноктун шарттарын анализдөө жана баалоо үчүн инструменттерди түзүп жатабыз. Бул багытта Улуттук банк маанилүү жана тарыхый кадам жасады. Бул иштер акыркы бир жыл ичинде Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан аткарылды.

Күн мурун, 17-сентябрда Улуттук банк башкармалыгынын чечими менен жаңы рыноктук эталондук чен ишке киргизилди. Ал Bishkek Interbank Rate (Бишкек банктар аралык чен) деп аталат. Мындай эталондук пайыздык чен АКШ, Улуу Британия, Россия, Европа Биримдиги жана Казакстанда колдонулуп келет. Бул жаңычылдык Кыргызстандын финансы рыногун мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт. Өлкөнүн эл аралык рынокторго чыгып жаткан учурунда бул актуалдуу болуп, өнүгүүгө кошумча көмөк көрсөтөт”, - деди ал.

Азат Козубеков белгилегендей, Кыргызстандын акча рыногунун эталондук чени Улуттук банк тарабынан күн сайын эсептелинет жана Улуттук банктын сайтында жарыяланып турат.

“Эми финансы рыногунун ар бир катышуучусу, ошондой эле өлкөдөгү башка экономикалык субъект, инвестор жана эл аралык уюмдар эталондук ченди өз чечимдерин кабыл алууда жана анализ жүргүзүүдө пайдалана алат”, - деп кошумчалады Улуттук банктын төрагасынын орун басары.