Улуттук банк алдамчылыктын жаңы схемасы тууралуу эскертет

Коом Загрузка... 03 Октябрь 2025 12:50
778.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Улуттук банк жарандарга алдамчылыктын жаңы схемасы пайда болгондугуна байланыштуу эскертүү менен кайрылды.

Алдамчылар Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди тиркеп, билдирүүлөрдү (же каттарды) таратышууда. Ушундай жол менен алар ишенимге кирип, жарандарды акча которууга көндүрүүгө аракет кылышат.

Белгиленгендей, Улуттук банк мессенджер аркылуу документтерди жөнөтпөйт, жеке адамдарды түз тейлебейт жана акча которууларды эч качан талап кылбайт.

Финансылык жөнгө салуучу орган мындай билдирүүлөргө ишенбөөнү жана эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбооону эскертет. Эгерде күмөн жаралса маалыматты расмий булактардан текшерүүнү сунуштайт.

"Эгерде сиз алдамчылык схемасына кабылып калсаңыз, банктык картаңызды дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Тактоо үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына (312) 61-04-86 телефону аркылуу кайрылса болот.