Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга жана жарандарга айып салды

Укук тартиби Загрузка... 27 Октябрь 2025 10:00
1062588153_0_0_3072_PvVGTR5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Улуттук банк валюта алмашуу операциялары жаатындагы мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жаза чаралары колдонулганын билдирди.

Жөнгө салуучу органдын маалыматы боюнча, Бишкектеги эки алмашуу бюросуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мыйзамдарын жана жоболорун сактабагандыгы үчүн ар бирине 55 000 сомдон айып пул салынган.

Улуттук банктын Ош аймактык башкармалыгы лицензиясыз накталай акча менен чет элдик валюта алмашуу операцияларын жүргүзгөн учурларды аныктады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 24 адамга ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынган.