Улуттук баалуулуктар айыл чарбадан башталат. Бишкекте көргөзмө-жарманке башталды

Коом Загрузка... 03 Июнь 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Бишкекте «Улуттук баалуулуктар айыл чарбадан башталат» аттуу көргөзмө-жарманке өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Иш-чарада кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын чагылдырган өзгөчө көргөзмөлөр орун алган. Атап айтканда:

  • улуттук тамак-аш жана суусундуктар;
  • этно кийимдер жана уз-чеберлердин кол өнөрчүлүк буюмдары;
  • музыкалык аспаптар, зер жана тиричилик буюмдары;
  • тери жыгач жасалгалары жана ата мекендик кайра иштетүү өндүрүшүнүн продукциялары.

Иш-чаранын алкагында мастер-класстар, агрардык тармактагы иштер боюнча маалыматтар, улуттук баалуулуктар тууралуу тааныштыруу сабактары жана консультациялар өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул иш-чара ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоого, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктар менен айыл чарбанын байланышын чыңдоого багытталган.

Көргөзмө-жарманке Бишкек шаары, Киев көчөсү 96А дарегиндеги Агропром имаратынын алдында өткөрүлүп, 2025-жылдын 6-июнуна чейин уланат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге байланышсаңыздар болот:

0555 34 60 60 (Искак Анарбеков)