Уланбек Өмүралиев “Учур” жаштар театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Маданият Загрузка... 11 Март 2026 10:55
MyCollages_1_Tlv8gO.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Уланбек Өмүралиев "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 10-марттан тартып үч айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде ишке киришти.

Уланбек Өмүралиев — белгилүү театр жана кино актёру, режиссёр жана педагог. Москва шаарындагы М. С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын аяктаган, ошондой эле ГИТИСтин режиссёрдук факультетинде билим алган.

Ал 25 жылдан ашуун убакыттан бери театр жана кино тармагында эмгектенип келет. А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында, "Учур" мамлекеттик жаштар театрында, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында жана Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында актёр катары иштеген.

Ошондой эле Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда актёрдук чеберчилик жана сахналык искусство боюнча сабак берген.