Улан Маматканов Тажикстандын маданият министри менен жолукту

Министрлер кабинети 20 Май 2026 18:30
6a0da79def9d2 (1).jpeg
6a0da7c071455.jpeg
6a0da7c09ef90.jpeg
6a0da7b75261c.jpeg
6a0da7a415da3.jpeg
6a0da7aa595d7.jpeg
Алдыга
Артка
6a0da79def9d2 (1).jpeg
6a0da7c071455.jpeg
6a0da7c09ef90.jpeg
6a0da7b75261c.jpeg
6a0da7a415da3.jpeg
6a0da7aa595d7.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Тажикстандын маданият министри Матлубахон Амонзода менен жолукту.

Тараптар кыргыз-тажик маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулап, маданият, билим берүү жана туризм тармагындагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылы Душанбе шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн ийгиликтүү ишке ашырылганы, ошондой эле Кыргызстанда Тажикстандын Маданият күндөрүн өткөрүү белгиленип, бул чыгармачылык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди.

Алдыда боло турган эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын юбилейлик саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары да чыңдоого жана өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө умтула тургандыгын ырасташты.

Эске салсак, Кыргызстанда 17-майдан 22-майга чейин Тажикстандын Маданият күндөрү өтүп жатат.