Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Кант шаарында турак жайга болгон суроо-талап абдан жогору. Бул тууралуу шаар мэри Улан Майлыбашев "Кабар подкаст" берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө үйлөрдүн бир чарчы метринин баасы 1100-1200 долларды түзүүдө.
Майлыбашев ошондой эле ипотекалык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатканын айтты.
"Биз башында Мамлекеттик ипотекалык компанияга 27 гектар жерди өткөрүп бергенбиз, бирок ал жерде курулуш жүргүзүлбөй калды, анткени ал жерде жер астындагы суунун деңгээли жогору болгондуктан курулуш жүргүзүүгө мүмкүн эмес экен. Биз башка жер тилкесин сунуштадык. Айланма жолдун оң тарабында 60 гектар жер бар. Ипотекалык үйлөр ошол жерге курулат. Азыр даярдоо иштери жүрүп жатат", - деп маалымдады ал.