Улан-Батордо кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат Загрузка... 23 Апрель 2025 09:33
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Улан-Батордо кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

ТИМден билдиришкендей, Улан-Батордо Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев менен Монголиянын вице-премьер министри Сайнбуянгийн Амарсайхан жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда ишкерлик, соода-экономика, маданият жана туризм багыттарындагы байланыштарды чыңдоо маселелери көтөрүлүп, Кыргыз-монгол ишкерлер кеңешинин жыйынын уюштуруу сунушу берилди. Ошондой эле, 2025-жылдын биринчи жарымында өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

Монголиянын вице-премьер министри кыргыз-монгол кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, Монголия Кыргызстан менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Ал кызматташтык маселелерин талкуулоо менен гана чектелбестен, аларды практикалык деңгээлде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тараптар талкууланган багыттар боюнча мындан ары да активдүү иштөөгө макулдашышты.