Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү "Улан" балдардын ден соолугун чыңдоо борбору президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин унутта калган социалдык маанидеги маанилүү обьект кайрадан мамлекетке кайтарылып, жаңы жүз менен элге кызмат кылууга даярдалууда.
Бул жай мурда Кыргызстандын профсоюздар союзунун карамагында болуп, каралбай таптакыр жараксыз абалга келген. Балдардын күлкүсү жаңырып турган аймакта мал жайылып, ээси жок талаа сымал көрүнүштө калган. Эгер мындай жайлар дагы бир нече жыл көзөмөлсүз калганда, алар толугу менен жеке колдорго өтүп кетмек.
"Учурда “Улан” борбору президенттин Иш башкармалыгы тарабынан толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бардык курулуш жана оңдоо иштери соңуна чыгып калды. Жайкы сезондун соңунда, сентябрь айында борбор балдарды кабыл алууга толук даяр болот", - деди Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаева.