Укугуңуз бузулса кайда кайрылууну билесизби? Ишкерлерге кеңеш

Экономика 1 октябрь 2025 16:38
557362331_1090401163265190_1172223650296731199_n.jpg
557617063_1090401166598523_1784343520443657591_n.jpg
558095312_1090401169931856_441548758090487862_n.jpg
Алдыга
Артка
557362331_1090401163265190_1172223650296731199_n.jpg
557617063_1090401166598523_1784343520443657591_n.jpg
558095312_1090401169931856_441548758090487862_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери соода жайларында иш алып барган жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Биринчи май районунун прокуратурасы менен биргеликте президенттин "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" жарлыгынын алкагында өттү.

Иш-чаранын негизги максаты жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, укук бузууларга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү жана бизнес-коомчулугу менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ачык диалогду камсыз кылуу болуп саналат.

Жолугушууда укук бузуу катталган учурда кайрылуу тартиптери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишкерлерге Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан “Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо боюнча” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлердин уюлдук телефондоруна мобилдик тиркемени жүктөп, аны колдонуу тартиптери практикалык түрдө көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, тиркемени Play Market жана App Store платформаларынан жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучу ишкерлер прокуратура органдары менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз өтүп турушу зарыл экендигин белгилешти.