УКМКнын жаңы имаратында атайын кызматтын ардагерлери менен жолугушуу өттү

Коом Загрузка... 14 Октябрь 2025 16:20
WhatsApp Image 2025-10-14 at 15.04.25.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Бүгүн УКМКнын жаңы имаратында улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери менен салтанаттуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Жолугушуунун алкагында ардагерлер жаңы административдик имараттагы иш шарттары жана инфраструктурасы менен таанышышты.

Мындай форматтагы жолугушууда ардагерлер мекеменин жетекчилиги жана кызматкерлери менен бейформал баарлашуу өткөрүп, эскерүүлөрү менен бөлүшүп, каалоо-тилектерин айтышты.

Жолугушууда социалдык колдоо, өз ара кызматташтыкты бекемдөө, маданий-патриоттук демилгелерди өнүктүрүү боюнча маселелер да талкууланды. Айрыкча, жаш муунду мекенчилдикке жана кызматтык милдетке берилүү менен тарбиялоо темасына өзгөчө көңүл бурулду.

Белгиленгендей, ардагерлер коому салттуу түрдө жарандарды патриоттук тарбиялоодо, тарыхый мурасты сактоодо жана коомдук биримдикти чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Аталган клубдун ишмердүүлүгү мурдагы кызматкерлерди колдоого жана коомдук мааниси бар долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.