Чек ара кызматынын курама командасы волейбол боюнча өлкө кубогун жеңди

Спорт Загрузка... 25 Сентябрь 2025 12:42
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чек ара кызматы

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. УКМКнын Чек ара кызматынын курама командасы волейбол боюнча өлкө кубогун жеңип, чемпион аталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрда Нарын шаарында Кыргызстандын волейбол федерациясы тарабынан эркектер арасында мелдеш өткөрүлдү.

Турнирге 7 команда катышып, анын ар бири өз мекемесин татыктуу көрсөтө алды.

УКМКнын Чек ара кызматынын курама командасы менен ИИМдин Ички аскерлеринин командасынын ортосундагы финалдык беттеш болду. Таймашта чек арачылар жогорку чеберчиликти көрсөтүп, 3:1 эсебинде татыктуу жеңишке жетишти.

Ошентип мелдеште 1-орунду УКМКнын Чек ара кызматынын курама командасы ээлесе,

2-орунду ИИМдин Ички аскерлеринин командасы алды, ал эми

3-орунга Коргоо министрлигинин курама командасы жайгашты.