УКМКнын Академиясына курсанттарды кабыл алуу 2-февралда башталат

Коом Загрузка... 27 Январь 2026 16:35
2.webp
copyright icon УКМК

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин А.Бакаев атындагы академиясы беш жылдык окуу мөөнөтүнө курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.

Атайын кызматтан билдиришкендей, документтер 2026-жылдын 2-февралынан 27-февралына чейин кабыл алынат.

Талапкерлерге коюлган талаптар, документтердин тизмеси жана тандоо жол-жобосу тууралуу маалымат УКМКнын www.gknb.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган.