Бишкек, 31.05.25. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Бишкектеги башкы башкармалыгы жаңы имаратка көчүп жатат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев телеканалдардын бирине маегинде билдирди.
Анын айтымында, УКМКнын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан эски имараты 1982-жылы пайдаланууга берилген.
“Андан бери 42 жыл өттү. Ал убакта КГБ болгон. Имаратта нечендеген инсандар иштеп, ушул жерде көптөгөн тарыхый чечимдер кабыл алынган. Мындай тарыхый имараттан көчүү кыйын болуп жатат”, - деди ал.
Муну менен катар ал жаңы имаратка көчүү өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаңы доорду чагылдырып жатканын белгиледи.
“Жаңы имаратта жаңы мамилерге жол ачылып, өлкөнүн гана кызыкчылыгы үчүн иштөөгө багытталган жаңы доорго кадам жасалат. Бул жөн эле эски имараттан жаңы имаратка көчүү эмес. Бул УКМКнын бир доордон, экинчи доорго көчүү процеси. Жаңы штаб эски имараттан 10 эсе чоң. Биз өзүбүздүн жана мамлекеттин күчү менен курулган жаңы имаратка көчүп жатабыз”,-деди ал.