УКМК: “Жалын” балдар лагери кайра мамлекетке өттү

Коом 1 октябрь 2025 15:23
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.12.42 (3) (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.13.12.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.13.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.12.43.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.12.43 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.12.43 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.12.42.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.12.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.12.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.12.41.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 08.12.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 01.10.25. / Кабар/. “Жалын” балдардын ден соолугун чыңдоо комплекси кайра мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусундагы Сары-Ой айылында мурда “Жалын” балдардын ден соолугун чыңдоо комплексине таандык болгон мамлекеттик имараттарды жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкелеринин 4,82 гектары “Кыргыз лифт” ишканасынын карамагында экендиги ачыкталган.

Ага ылайык, аталган ишкана өз ыктыяры менен 4,82 гектар жер тилкесин, “Жалын” балдар ден соолукту чыңдоо комплексин, ошондой эле жалпы аянты 4 614,8 чарчы метрди түзгөн имараттарды жана курулуштарды мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.