УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Коом Загрузка... 30 Май 2025 11:50
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. УКМК тарабынан Пипи каймана аты менен таанымал болгон К.Асанбектин классташы Н.Н.К. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, H.H.K. мурда К. Асанбектин тапшырмаларын аткарып жүргөн. Ошондой эле 2007-2008-жылдары Талас облусунун "положенеци" болуп К.Асанбек тарабынан дайындалган жана буга чейин денеге оор залал келтирүү боюнча соттолгон.

Ал 22-майда Н.Н.К. УКМКга алынып келинди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында,H.H.K. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлүгүнөн толугу менен чыгып, жарандарды кылмыш дүйнөсүнүн жолуна түшпөөгө чакырып, кылмыш идеологиясынан баш тартып, мындан ары КР мыйзамдарын бузбоого милдеттенди.