УКМК Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде кеңешме өткөрдү

Коом 826 28 Январь 2025 12:55
475121107_1456278525331151_8736053872405223534_n.jpg
475186491_1456278501997820_6581652327213576646_n (1).jpg
475216085_1456278551997815_2118745225808929927_n.jpg
475244120_1456278535331150_6259430333573985002_n.jpg
475304956_1456278491997821_4224719617068916190_n.jpg
475410106_1456278561997814_933695239539753267_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге агенттиктин жетекчилиги, ошондой эле бардык аймактык башкармалыктарынын башчылары онлайн режиминде катышты.

УКМК кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.

Ошондой эле 2024-жылдагы каттоо мекемелеринин тутумунда аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын айрым жыйынтыктары жана фактылары айтылды.

Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу агенттиктин кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.