УКМК төрагасынын кубогу үчүн республикалык спартакиада аяктады

Спорт 05 Сентябрь 2025 12:40
543388960_1624940865131582_7323786426858371713_n.jpg
542762138_1624940921798243_1837409589148815026_n.jpg
543107577_1624941048464897_7523789552148611942_n.jpg
543131961_1624941055131563_1690169367250957220_n.jpg
543173936_1624941081798227_8140445617437142694_n.jpg
543396127_1624940875131581_1314413553411656535_n.jpg
543427512_1624941108464891_7301929585075943013_n.jpg
544521374_1624941088464893_3279145124543138138_n.jpg
544570455_1624941038464898_3829149203344120398_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кубогу үчүн спорттун оюн түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада аяктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Спартакиадага УКМКнын бардык аймактык башкармалыктарынын, 9-кызматтын, "Альфа" АККтын, ошондой эле Чек ара кызматынын кызматкерлери жана ардагерлер катышты.

Мурда маалымдалгандай, иш-чара спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: эркектер арасында спорттун командалык түрлөрү – футбол, волейбол, баскетбол, жеке спорттун түрлөрү – шахмат, аялдар үчүн – 3000 метрге эстафеталык чуркоо, дартс, 3х3 баскетбол.

Спартакиаданын жабылыш аземинде УКМКнын төрагасыКамчыбек Ташиев расмий сөз сүйлөп, спорттук иш-чаранын баардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун бирден-бир өбөлгөсү катары спортту өнүктүрүүнүн жана аскер кызматчыларынын дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн, спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу тартипти, командалык маанайды жана жалпы күжүрмөн даярдыкты чыңдоого жардам берерин белгиледи.

Спорттук иш-чара сергек жашоо образын жайылтуу, кызматкерлер арасында мыкты спортчуларды аныктоо, ошондой эле күч түзүмдөрүндө командалык дымакты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө.

Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө төраганын кубогу жана баалуу белектер ыйгарылды.