УКМК төрагасы жалгыз бой энеге 2 бөлмөлүү батир белек кылды

Коом Загрузка... 24 Сентябрь 2025 15:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 24.09.25 /Кабар/. Бугүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 7 балалуу жалгыз бой эне Гүлнура Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Саламатова жалгыз бой эне, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен жана спирт ичимдиктерин үзгүлтүксүз ичүүдөн улам жолдошу менен ажырашып кеткен. 2025-жылдын ортосунда ал "Аялзат" балдар жана аялдар үчүн кризистик борборуна кайрылып, ал жерде 7 баласы менен азыркы учурда убактылуу жашап жатат.

Мындан тышкары, Г.Саламатова колунда 10 айлык баласы бар оор турмуштук жагдайдан улам ишке орношо албай, жашоо үчүн турак жайды ижарага ала албай, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган.

Жыйынтыгында Ташиев Г. Саламатованын үй-бүлөлүк абалын эске алып, көп балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белекке берди.