УКМК Түп районунда 2 319 гектар айыл чарба жерин мамлекетке кайтарды

Аймак 15 октябрь 2025 16:11
564632662_1315054973735652_2988150463567956281_n.jpg
564607086_1315055070402309_2126478589336467837_n.jpg
564747886_1315054977068985_7138989365711244521_n.jpg
565155343_1315055043735645_2639643271084613795_n.jpg
565226024_1315055077068975_954045218800128538_n.jpg
565669608_1315055143735635_3585748269920797849_n.jpg
565687380_1315054980402318_5198190047115640195_n.jpg
Алдыга
Артка
564632662_1315054973735652_2988150463567956281_n.jpg
564607086_1315055070402309_2126478589336467837_n.jpg
564747886_1315054977068985_7138989365711244521_n.jpg
565155343_1315055043735645_2639643271084613795_n.jpg
565226024_1315055077068975_954045218800128538_n.jpg
565669608_1315055143735635_3585748269920797849_n.jpg
565687380_1315054980402318_5198190047115640195_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Түп районундагы мыйзамсыз пайдаланылган 2 319 гектар айыл чарба жерлери аныктап, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Түп айыл аймагындагы жерлерди пайдалануунун абалын комплекстүү текшерүүнүн алкагында тиешелүү документтери жок, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен аффилирленген жактар тарабынан расмий каттоосуз жана бюджетке төлөмдөрдү төлөбөстөн айыл чарба жүгүртүүсүнө иш жүзүндө тартылган бир топ жер үлүштөрүнүн бар экендиги аныкталган.

Мындай жагдай жыл сайын жазгы талаа жумуштарынын башталышында "жер мафиясынын" көрүнүшү катары калктын нааразычылыгын жаратып, коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизип, жер ресурстарын теңчилик, сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу принциптерин бузуп, айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы деңгээлин төмөндөтүп, региондун экономикасынын социалдык өнүгүүсүнө тоскоол болгон.

Алсак, көрүлгөн чаралардын алкагында 2319 гектар жер үлүштөрүн мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталган, анын ичинен 1876,47 гектары «сугат айдоо жери», 442,69 гектары "багара" жери болуп саналат.

Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган жалпы аянты 2 319 га жер тилкелери Түп районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинен каттоого алынып, Түп айыл аймагынын балансына өткөрүлдү.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, анын ичинде мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле башка ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттердин фактыларын аныктоо иштери жүрүп жатат.