Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. УКМК тарабынан "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук калкты тейлөө борборунун башкы адиси кармалды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, П.Б.М. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жарандардан системалуу түрдө акча алгандыгы аныкталган. Аталган кызматкер 21 миң сом суммасындагы акча каражаттарын электрондук капчык аркылуу кайтаруу учурунда кармалган.
Учурда П.Б.М. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда кармалган адамдын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын ушул сыяктуу башка фактыларын аныктоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жарандыгы чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен гана мыйзамда белгиленген мамлекеттик алымдардан тышкары акысыз негизде берилет.