УКМК майыптыкты белгилөө үчүн пара талап кылган деген шек менен эки дарыгерди кармады

Укук тартиби Загрузка... 25 Июнь 2026 15:00
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №2 Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

УКМКдан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган комиссиянын төрагасы Ч.Т.И. жана дарыгер-эксперт Т.Э.М. кармалды.

Шектүүлөр жарандардан майыптыкты белгилөө жана анын мөөнөтүн узартуу маселелерин оң чечип берүү үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын талап кылып, алып жүрүшкөн. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырат. Ошондой эле коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертет”, — деп айтылат маалыматта.