УКМК кызматкерлери үчүн эс алуу комплекси курулду

Аймак Загрузка... 23 Декабрь 2025 17:39
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Бүгүн Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл аймагындагы УКМКнын "Кызыл-Белес" эс алуу комплекси ачылды.

Комплекстин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов катышты.

Эс алуу борборунун жалпы аянты 19 гектарды түзүп, анда УКМК кызматкерлеринин эс алуусу үчүн керектүү заманбап шарттар түзүлгөн.

Алсак, аянты 60 чарчы метр болгон 15 заманбап эс алуу үйү, мындан тышкары узундугу 600 метрди түзгөн тасма жол курулган. Кошумча көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштери да каралган.

УКМК төрагасы коопсуздук кызматкерлерин эс алуу комплексинин ачылыш аземи менен куттуктап, аталган жай алардын эс алуусуна ыңгайлуу экендигин, кызматкерлер жана ардагерлер кышкы-жайкы эс алуу күндөрүндө үй-бүлөсү менен таза абада чер жазып кетсе болорун баса белгиледи.