УКМК Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманы ачыктады

Укук тартиби 1 октябрь 2025 16:40
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.25 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.25.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.33.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 15.03.27 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Коргоо министрлигиндеги контракттык кызматка кабыл алуудагы коррупциялык схема аныкталды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрдүн биринин командири Б.М.С. менен ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери М.А.Ж. алдын ала сүйлөшүп алып, жарандардан 70 миңден 90 миң сомго чейин акча каражатын системалуу түрдө алып турушкан.

Бул факт боюнча 2025-жылдын 23-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу пара алуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө пара берүү талаптары аскерге чакыруу процессине чейин эле коюлгандыгы белгилүү болду.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2025-жылдын 26-сентябрындагы чечими менен Б.М.С. эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдары да аныкталып, алар боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иштери жүрүп жатат.