УКМК экстремисттик уюмдун мүчөлөрү жашаган жерлерге тинтүү жүргүзүлдү

Укук тартиби 28 август 2025 14:30
WhatsApp Image 2025-08-28 at 10.01.22 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-28 at 10.01.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-28 at 10.01.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-28 at 10.01.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-28 at 10.01.23 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-28 at 10.01.23 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-28 at 10.01.22.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-28 at 10.01.22 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-28 at 10.01.22 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 28.08.25 /Кабар/. "Хизб ут-Тахрир аль Ислами" диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн жашаган даректеринде тинтүү иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан 22-августта "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында "Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, И.А.А., М.М.С., А.Р.Р., А.Р.А., А.Н.Б., К.А.К., Б.З.С., А.М.Т. аттуу 8 мүчөсүнүн ("Каракол" жана "Түп" бөлүмчөлөрү) жашаган даректери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар түрдүү диний адабияттар, ошондой эле социалдык тармактарда радикалдык идеологияны жайылткан аккаунттар катталган уюлдук телефондор табылып, алынган. Алынган буюмдар боюнча тиешелүү экспертизалык иштер дайындалды.

Учурда УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, тыюу салынган уюмдун калган башка катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар уланууда.