УКМК диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүн кармады

Укук тартиби Загрузка... 09 Октябрь 2025 16:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. 24-сентябрда "Хизб-ут –Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Уюмдун кармалган активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган Н.А.К., 1992-жылы туулган У.М.И., 1991-жылы туулган Г.К.А. аттуу КР жарандары экстремисттик идеологияны тараткан жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенген.

Тактап айтканда, У.М.И. экстремисттик ишмердиги үчүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.

Жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Кармалгандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилип, аталган уюмдун ячейкасынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандардын диний-экстремисттик уюмдарды түзүү, алардын ишине катышуусу, ошондой эле экстремисттик материалдарды таратуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелеринде каралган кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.