Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы 6 847 чарчы метр жерди ээлеген “Мал базары” мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, объект 2000-жылы кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынганы аныкталып, жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды.
УКМК белгилегендей, мындай иштер мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди жана мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча саясаттын алкагында улантылат.