УКМК балдар лагерлерин жана ден соолукту чыңдоо комплексин мамлекетке кайтарды

Коом Загрузка... 09 Июль 2025 17:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Балдардын эс алуу лагерлери жана курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иштердин аркасында Аламүдүн районунун Жал айылында жайгашкан "Строитель" (аянты 12,5га) жана "В.Дубинина" (аянты 7,5га) балдардын эс алуу лагерлери, ошондой эле Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси (аянты 1га) мамлекетке кайтарылды.

Аталган социалдык объектилер 1997-жылдан 2001-жылга чейинки мезгил аралыгында акционердик коомдордун жана мамлекеттик органдардын өз алдынча чечимдеринин негизинде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Андан кийин балдардын ден соолукту чыңдоо борборлорунун ишмердүүлүгү жокко чыгарылып, мүлктөрү сатылган.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында 7-июлда жогоруда аталган балдардын эс алуу лагерлери жана курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси социалдык багыттарда максаттуу пайдалануу үчүн мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.