Бишкек, 08.08.2025. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда Аламан улак федерациясы түзүлгөнүн билдирди. УКМКдан “Кабар” агенттигине федерация эмне үчүн түзүлгөнү жана аламан улак көк бөрүдөн эмнеси менен айырмаланары тууралуу айтып беришти.
Маалыматка ылайык, көк бөрү оюнунда белгиленген эрежелер бар, анда тай казан колдонулат. Ал эми аламан улак оюну буга чейин эрежесиз өтүп келгендиктен, оюн маалында чыр-чатактар чыгып, кээде жаракат алуу учурлары да катталып келген.
“Оюндун жүрүшүндө эреженин жоктугу көптөгөн кооптуу кырдаалдарды жаратып келген. Айрым учурларда оюнчулар денесинен жаракат алышкан. Мындай көрүнүштөрдү токтотуп, оюнду тартипке келтирүү максатында атайын федерация түзүлдү”, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Аламан улак федерациясынын ишин жөнгө салуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топтун комплекстүү ишинин натыйжасында аламан улак оюнун уюштуруу жана өткөрүү иштерин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболор жана регламенттер иштелип чыгып, бекитилди.
Маалымат үчүн: Аламан улак - бул кыргыз элинин салттуу улуттук оюну. Анын өзгөчөлүгү оюнчулар эрежесиз шартта таймашып, улакты белгиленген чекке жеткирүүгө аракет кылышат. Оюн жогорку динамикасы жана катаалдыгы менен айырмаланат.