УКМК Агрардык университетти текшерип, бир катар кемчиликтерди аныктады

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 17:07
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. УКМК Агрардык университетти текшерип, бир катар кемчиликтерди аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМК тарабынан жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) окуу ишмердүүлүгүн текшерүү демилгеси көтөрүлгөн.

Мындан улам комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында аталган ЖОЖдун студенттеринин орто аралык аттестациясын өткөрүү боюнча жобо жана орто аралык аттестацияны өткөрүү боюнча тартип бузуулар аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ЖОЖдун администрациясы тарабынан 8 мугалимге тартиптик жаза берилип, КУАУнун маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлүп, 1 окутуучу ээлеген кызматынан бошотулуп, 4 жогорку билим тууралуу диплом жокко чыгарылды.

УКМК коррупциялык иштерге аралашкан жарандар статусуна жана социалдык абалына карабастан колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.