Уйкунун бузулушу адамдардагы ашыкча салмак топтоо көйгөйүнө алып келет. Мындай пикирин нутрицолог Зарылкан Шарабидин кызы жергиликтүү радиолордун бирине билдирди.

Анын айтымында, адамдын организми үчүн уйкунун жетишсиздиги азыркы заманбап жашоонун көйгөйлөрүнүн бири.
“Биз түнкүсүн сапаттуу жана жетиштүү уктаганда организм калыбына келет. Эгер жетишсиз уктасак, организм чарчап, кортизол гармону жогорулайт. Бул гармон жогору болгондо бизде тынчсыздануу, гармондордун теңсиздиги жаралат. Адамдардын көп пайызы ушул тынчсызданган абалда стрессти тамак-аш менен чыгарат. 10, 15, 20 пайыз адамдар стресс болгондо такыр тамак жебей калса, калган пайызы тескерисинче тамак көп жеп баштайт. Мында ашыкча калория топтолуп, ашыкча салмакка алып келет. Ошондуктан биз кабыл алган энергия менен сарптаган энергиябыздын ортосунда баланс болушу керек. Тамак-аштан алган энергиябызды толук сарптабасак, ашыкча салмакка алып келет”,- дейт адис.
Ал эми уйку учурунда дене калыбына келип, денедеги ашыкча майлар ээрий турганын, эгер уйку жетишсиз болсо организмде физиология жетишсиз болуп, стресс гармону көтөрүлөрүн нутрициолог өз сөзүндө белгиледи.

“Биздин денебиз өзүнүн биоритми, сааты менен иштейт. Кечки саат ондон кийин түнкү экилерге чейинки 4 саат аралыгында денеден гармондор бөлүнөт. Булар бизди уктатып коюп денени калыбына келтирет, эс тутумду жакшыртып, жаңылануу процесси түн ичинде жүрөт. Орто эсеп менен аял киши күнүнө 8 саатка чейин, эркек кишилер 6-7 саат укташы керек. Кечки ондон эртең мененки алтыга чейинки уйку организмге пайдалуу”,- дейт Зарылкан Шарабидин кызы.
Маалымдалгандай, уйку сапаттуу болуусу үчүн караңгы, салкын бөлмөдө уктоо сунушталат. Терезеден же башка бөлмөдөн түшкөн жарык уйкунун сапатына терс таасир берет. Ошондой эле уйкунун сапаты жеген тамак-ашыбызга түздөн-түз көз каранды экенин адис белгиледи.
“Эртең мененки жана түшкү тамактануубуздун сапатына анчалык көңүл бурбай, кечкисин биздин организм эс ала турган учурда ашыкча жеп алабыз. Жакшы уктоо үчүн тамакка чейин 3-4 саат мурда жеңил тамактануу зарыл. Эгер кечки саат ондо жатсак, кечки алтыда же жетиде кечки тамакты ичишибиз керек. Кечкисин ашыкча тамактанбаш үчүн эртен мененки жана түшкү тамакты калтырбайлы. Кофе, кара чайды күндүзгү саат экиге чейин ичип, аркасынан суу балансын толуктасак уйкубузга терс таасирин тийгизбейт. Ромашка, мелиса сыяктуу табигый чөптөр биздин мээбизди эс алдырып, уйкубузду жакшыртат”,- деди Шарабидин кызы.
Ошентип уйкуну нормага ылайык калыбына келтирүү үчүн адамдарга физикалык активдүүлүк, туура тамактануу жана жашоо образын өзгөртүү зарыл экенин адис сөзүн жыйынтыктап жатып белгиледи.