Ухнаагийн Хурэлсух: Кыргызстан Монголия үчүн маанилүү өнөктөш

Саясат Загрузка... 21 Июль 2025 13:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Кыргызстан Монголия үчүн Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш жана аймакты байланыштырган өзүнчө көпүрө болуп саналат, деп билдирди бүгүн, 21-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.

Анын айтымында Монголия Кыргызстан менен бардык тармактарда, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулат.

Ал 1992-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк аймактык жана эл аралык деңгээлде туруктуу өнүгүп келе жатканын баса көрсөттү.

Ухнаагийн Хурэлсух ошондой эле биргелешкен аракеттердин аркасында акыркы жылдарда саясий диалог жанданып, экономикалык кызматташтык динамикалуу мүнөзгө ээ болгондугуна канааттануусун билдирди.

Соңунда Монголиянын президенти азыркы мамлекеттик сапар оң динамиканын уландысы болуп, эки тараптуу алакалардын укуктук базасын чыңдоого, ошондой эле айыл чарба, маданият жана илим тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган жаңы документтерге кол коюу менен коштолооруна ишеним билдирди.