Бирөөнүн баасы 800 миң сом: Угуусу начарларга жаңы аппараттар берилди

Коом 195 18 Август 2026 13:00
WhatsApp_Image_dNeia7t.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_7fmTadk.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_G0FE4EQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_nq5bwi9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_uPO5f9A.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_WPCMvFm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_xrV9k8j.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде угуу жөндөмү бузулган бейтаптарга заманбап Cochlear сүйлөө процессорлору тапшырылды.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан бюджеттик каражаттын эсебинен сүйлөө процессорлорун биринчи жолу түздөн-түз өндүрүүчү Cochlear компаниясынан (Австралия) 30 млн сомго сатып алды.

Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы аппараттарды сатып алууну маанилүү жетишкендик катары баалап, эгемендүүлүктүн 35 жылдык тарыхында мамлекет тарабынан кымбат баалуу сүйлөө процессорлорун сатып алууга бюджеттен биринчи жолу каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

"Бул чындыгында өлкөбүз үчүн чоң жетишкендик, анткени эгемендүүлүктүн 35 жылында мамлекет биринчи жолу мындай кымбат баалуу аппараттарды сатып алууга демилге көтөрүп, республикалык бюджеттен каражат бөлдү", - деди ал.

Анын айтымында, жалпысынан 35 сүйлөө процессору сатып алынган. Бүгүнкү күнгө карата аларды 29 бала жана эки чоң адам алды. Ошондой эле медициналык көрсөтмөлөргө ылайык, төрт балага экиден аппарат берилди.

"Бир комплекттин баасы болжол менен 800 миң сомду түзөт", - деди Исатбек кызы.

Белгиленгендей, сүйлөө процессору кохлеардык имплантация системасынын сырткы бөлүгү болуп саналат. Ал айлана-чөйрөдөгү үндөрдү кабыл алып, аларды өзгөртүп жана иштеп чыккандан кийин сигналды кохлеардык импланттын ички бөлүгүнө өткөрүп берет.

Бул аппараттар угуу жөндөмү олуттуу бузулган адамдарга үндүк маалыматты кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп, алардын баарлашуу жөндөмүн өнүктүрүүгө жана коомго социалдык жактан ыңгайлашуусуна өбөлгө болот.