Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Уганданын Киталеба кыштагынын жанында орун алган оор жол кырсыгынан кеминде 63 адам каза болуп, бир нече киши жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн түнү, жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:15 чамасында катталган. Кампаладан Гулу шаарына багыт алган автобустун айдоочусу жүк ташуучу унааны ашып өтүүгө аракет кылган. Ошол учурда карама-каршы багыттан келе жаткан дагы бир автобус да ошол эле унааны ашып өтүүгө аракет кыла башташкан.
Маневрдин натыйжасында эки автобус бетме-бет кагылышып, жолдо дагы бир нече унаа кырсыкка кабылып, айрымдары оодарылып кеткен.
Унаалардын ичиндеги 63 адамдын каза болгонун полиция ырастаган. Жаракат алгандар жакынкы оорукана жана медициналык борборлорго жеткирилген. Маркумдардын сөөгү өздүгүн тактоо жана экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага жөнөтүлгөн.