Учурда “Түндүк” тиркемесинде 70тен ашуун онлайн кызматтар жеткиликтүү

Санарип Кыргызстан Загрузка... 21 Май 2025 18:12
WhatsApp Image 2025-05-21 at 14.06.08 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Учурда “Түндүк” тиркемесинде 70тен ашуун онлайн кызматтар жеткиликтүү. Бул тууралуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Талант Аманов билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү дагы бир нече кызмат жеткиликтүү болот.

“Алардын бири бул Мамлекеттик ипотекалык компанияга үй алууга кезекке туруу кызматы. Ошондой эле убактылуу каттоо кызматы чыгат. Бул кызматтар жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө багытталган. Кызматтар санарип түрүндө берилип, мекемелерге жеке кайрылуунун зарылдыгы жок. Алар смартфон аркылуу 24/7 жеткиликтүү жана толук юридикалык күчкө ээ”,-деди ал.