Мамбеталиева: Жеке маалыматтарды коргоо санариптик доордо өзгөчө мааниге ээ

Санарип Кыргызстан
Мамбеталиева: Жеке маалыматтарды коргоо санариптик доордо өзгөчө мааниге ээ

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Жеке маалыматтарды коргоо санариптик доордо өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу “Жарандык интернет-саясат демилгеси” коомдук фондунун директору, Улуттук юридикалык корпорациянын башкы директору Татту Мамбеталиева эл аралык "Data Protection Forum 2026" форумунда “Кабар” агенттигине билдирди.

“Агенттик жаңы түзүлгөндө мамлекеттик органдар үчүн анын негизги милдети жана зарылдыгы толук түшүнүктүү болгон эмес. Анткени Конституцияда жеке жашоонун кол тийбестигин коргоого байланыштуу жоболор бар. Бирок санариптик технологиялардын өнүгүшү менен жеке маалыматтарды өзүнчө коргоо зарылдыгы пайда болду.
Агенттик бүгүн беш жылдыгын белгилеп жатат. Бул — мамлекеттик органдардын ичиндеги эң жаш мекеме. Ошол эле учурда ал өзгөчө мааниге ээ. КМШ мейкиндигинде жеке маалыматтарды коргоого гана адистешкен мындай органдардын бири алгачкылардан болуп түзүлгөн. Бул мамлекет өз жарандарына кам көрүп, аларга коопсуз санариптик чөйрө түзүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт. Адамдар санариптик кызматтарды колдонууда, көңүл ачууда же бизнес жүргүзүүдө өз маалыматтарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданбашы керек”, — деди Татту Мамбеталиева.

Ал жеке маалыматтарды коргоо түшүнүгү санариптик технологиялардын өнүгүшү менен өзгөчө мааниге ээ болгонун белгиледи. Анын айтымында, бул термин биринчи жолу өткөн кылымдын 60-жылдары, телефон системалары өнүгүп, адамдардын маалыматтары тармактар аркылуу бериле баштаган мезгилде пайда болгон. Ошондон тартып автоматташтырылган системаларда сакталган жана иштетилген маалыматтарды өзүнчө жөнгө салуу зарылдыгы жаралган.

“Азыр жеке маалыматтарды коргоонун баалуулугун өкмөт да, бизнес чөйрөсү да жакшы түшүнө баштады. Жарандар да өз маалыматтарын сактоо канчалык маанилүү экенин аңдап жатышат. Алдамчылык, документтерди жасалмалоо, адамдардын атына мыйзамсыз насыя алуу сыяктуу учурлар жеке маалыматтарга этият мамиле кылуу керектигин көрсөттү”, — деди ал.

Эксперт бүгүнкү күндө санариптик технологиялар күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланганын белгиледи. Адамдар мессенжерлер аркылуу байланышып, интернеттен видеолорду көрүп, ар кандай онлайн кызматтарды колдонуп калышты. Ошондуктан санариптик чөйрөдө жеке маалыматтарды коргоо да күнүмдүк жашоонун маанилүү бөлүгү болушу керек.

“Биз азыр үйдөгү муздаткычсыз жашообузду элестете албагандай эле, санариптик технологияларсыз жашоону да элестете албай калдык. Ошондуктан жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин иши абдан маанилүү. Эми маалыматтарга этиятсыз мамиле кылган адамдарга кандай чаралар көрүлүшү керек деген маселелер да көтөрүлүп жатат”, — деп кошумчалады Татту Мамбеталиева