Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Жеке маалыматтарды коргоодо мамлекеттик органдардын кызматташуусу маанилүү. Бул тууралуу мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева эл аралык Data Protection Forum 2026 форумунда “Кабар” агенттигине билдирди.
“Мындан беш жыл мурда өлкө жетекчилиги санариптештирүү тармагындагы маанилүү институтту түзүү чечимин кабыл алган. Санариптештирүүнү токтотуу мүмкүн эмес экенин бүгүн баары түшүнүп турат. Ошондуктан мамлекеттик органдар биринчи кезекте өз жарандарынын маалыматтарын кандай колдонуп жатканын текшерген институт керек болду. Маалыматтар канчалык туура жана негиздүү чогултулуп жатат? Балким, жарандар тууралуу мынчалык көп маалымат чогултуунун зарылдыгы жоктур, же тескерисинче, айрым учурларда маалымат жетишсиз чогултулуп жаткандыр. Маалыматтык системалар кандай түзүлүп жатат, алар канчалык туура уюштурулган жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери бул системаларга кандай деңгээлде кире алат — ушунун баарын көзөмөлдөө зарыл эле. Бул жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине жол бербөө үчүн мамлекет атайын институт түзүү максаты болчу.
Бүгүн мамлекеттик агенттик беш жылдан кийинки аткарылган иштерин көрсөтүүдө. Канча ченемдик укуктук акт иштелип чыкты, канча текшерүү жүргүзүлдү, канча тренинг өткөрүлдү жана жарандарыбыздын канчасы санариптик сабаттуулуктун негиздерине окутулду — мунун баары айтылууда”, — деди ал.
Нурия Кутнаева ошондой эле учурда санариптик чөйрөдө алдамчылык схемалары көбөйүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал жеке маалыматтарды коргоо жаатында мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү зарылдыгын айтып өттү.
“Бул жерде мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташтык абдан маанилүү. Кеп маалыматтарды коргоо боюнча текшерүүдөн өтүп жаткан мамлекеттик органдар тууралуу гана эмес, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги менен биргелешкен иш алып баруу жөнүндө да болуп жатат. Жарандардан түшкөн кайрылууларды биргелешип карап, аларга ыкчам жооп кайтаруунун жолдорун иштеп чыгуу керек”, — деп белгиледи ал.