Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызмат ордунан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор 29 январь 2025 11:56
Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызмат ордунан бошотулду

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Кутнаева Нурия Асылбековна кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Нурия Кутнаева ээлеген кызмат ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.