Учурда өлкөдө 256 социалдык объект курулууда - Курулуш министрлиги

Коом 24 сентябрь 2025 15:20
Учурда өлкөдө  256 социалдык объект курулууда - Курулуш министрлиги
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Өлкө боюнча жалпы 256 социалдык объектте курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Алсак:
• 136 мектеп;
• 64 бала бакча;
• 29 спорт объектиси;
• 11 саламаттык сактоо объектиси;
• 5 маданият үйү;
• 11 административдик имарат курулууда.

Социалдык объекттердин курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери 122 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.