Учурда өлкө аймагында канча социалдык объект курулууда?

Коом 681 29 Сентябрь 2025 17:20
WhatsApp Image 2025-09-29 at 16.52.42 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 16.52.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 16.52.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 16.52.42.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-29 at 16.52.42 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 16.52.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 16.52.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 16.52.42.jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Учурда республика боюнча жалпы 283 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Алардын ичинен:

- 145 мектеп;

- 74 бала бакча;

- 34 спорт объектиси;

- 11 саламаттык сактоо мекемеси;

- 5 маданият үйү;

- 14 административдик имарат курулууда.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери 126 социалдык объект толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Мындан тышкары, жыл соңуна чейин дагы 100дөй социалдык объекттин курулушун аяктап, ишке берүү пландалууда.