“Учур” жаштар театры кезектеги сезонун ачат

Маданият 25 сентябрь 2026 11:25
“Учур” жаштар театры кезектеги сезонун ачат

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. 5-октябрда “Учур” мамлекеттик жаштар театры жаңы чыгармачылык сезонун ачат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Анда белгиленгендей, сезондун ачылышында көрүүчүлөргө орус драматургу В. Л. Гуркиндин “Сүйүү жана көгүчкөндөр” пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Чиркин өмүр” комедиясы тартууланат.

Спектаклдин коюучу-режиссёру — Уланмырза Карыпбаев.

Сезондун ачылышы Бишкек шаарындагы Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында (Абдрахманов көчөсү, 230) өтөт.

Жаңы сезондо театр көрүүчүлөргө жаңы спектаклдерди тартуулап, чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантат.