Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. 30-31-октябрларда жана 1-ноябрда саат “Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй” спектаклинин премьерасы өтөт. Бул тууралуу А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрынан билдиришти.
Театрдын 33-сезонунун ачылышына арналган бул спектаклде Манастын баатырдык эрдиктери менен катар анын инсандык сапаттары, сүйүүсү, тилек-максаттары, ишенимдүү достору жана душмандары да чагылдырылат. Каныкейдин эскерүүлөрү аркылуу Манастын өмүр жолу жана анын элдин эсинде калган мурасы ачылат.
Спектаклди россиялык режиссёр Татьяна Захарова сахналаштырды. Режиссёрдун жардамчысы — Чагалдак Замирбеков. Сүрөтчү-сценограф жана костюмдар боюнча сүрөтчү — Зухра Мукамбетова. Балетмейстер-сахналаштыруучу — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сергей Стрельцов.
Башкы ролдорду Арген Узаков (Манас) жана Нурзат Саламатова (Каныкей) аткарышат.