Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. 21-22-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Асанкан Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин жаңы концерттик сезонунун ачылышы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, концерт Пётр Чайковскийдин “1812-жыл” аттуу увертюрасы менен башталат. Андан соң Александр Бородиндин “Князь Игорь” операсынан ариялар жана “Половец бийлери” аткарылат. Программанын экинчи бөлүгүндө Карл Орфтун дүйнөгө белгилүү “Carmina Burana” кантатасы жаңырмакчы.
Иш-чарага эл артисттери, опера ырчылары, симфониялык оркестрдин музыканттары, хор жана балет артисттери, ошондой эле М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын окуучулары катышат.
Оркестрдин башкы дирижёру — Дастан Жуматай уулу. Ошондой эле ага эл артисти Рахатбек Осмоналиев дирижёрлук кылат.
Көрүүчүлөр концерттен дүйнөлүк классикалык музыканын белгилүү чыгармаларын угуп, чоң музыкалык программага күбө боло алышат.