Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 85-театрдык сезондун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Жаңы сезон залкар балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, сезондун ачылышында кыргыз хореографиялык өнөрүнүн классикалык чыгармаларынын бири — М. Раухвергердин “Чолпон” балети тартууланды. Спектаклге театрдын балет артисттери жана симфониялык оркестри катышты. Дирижёрлук милдетти Семетей Султанов аткарды.
Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышты.
Башкы ролдорду Мээрим Султакаева (Чолпон), Атабек Садыркулов (Нурдин), Даяна Кыдыралиева (Айдай), Валерий Разумейко (Темир-хан) жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Фарух Садыркулов (Жин) аткарышты.
“Чолпон” балети опера жана балет театрынын сахнасында 60 жылдан ашуун убакыттан бери коюлуп келет. Спектакль театрдын балет труппасынын чыгармачылык жана кесиптик өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлейт.
Балетмейстер-коюучу — Кыргыз ССРинин эл артисти Н. Түгөлов, редактору — Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты У. Сарбагышев, сүрөтчү-коюучусу — СССРдин эл сүрөтчүсү А. Арефьев.